Сапарлар тарыхын өчүрүү
Ар бир буйрутма боюнча маалымат колдонмонун менюсунда бар:
.Буйрутманын карточкасында сапардын маршруту, баасы, датасы жана убактысы көрсөтүлгөн.
Көбүрөөк маалымат көрүү үчүн карточканы басыңыз:
- Жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү даректери
- Сапардын узактыгы
- Автоунаанын маалыматтары
- Айдоочунун маалыматтары
- Тариф жана соңку баа
Буйрутмалар тарыхында Чалуу баскычы бар. Буйрутманы аткарган айдоочу менен байланышуу сапардан кийин 24 сааттын ичинде, ошондой эле кийинки буйрутма жол-жоболоштурулганга чейин мүмкүн.
- Сапарды тарыхтан жашыруу
-
Сапарды тарыхтан жашыруу үчүн:
- Колдонмонун менюсуна кириңиз:.
- Жашыргыңыз келген сапарды тандаңыз.
- Сапар жөнүндө маалыматтан кийин Сапарды өчүрүү дегенди басып, Өчүрүү баскычын тандаңыз.
Жашырылган сапарлар боюнча маалыматтар колдоо кызматы жана маркетинг коммуникациялары үчүн ачык бойдон калат.
- Сапарлар тарыхын өчүрүү
-
Сапарлар тарыхын толугу менен өчүрүү үчүн:
Яндекс ID'де авторизациядан өтүп, бөлүмүнө кириңиз, же шилтеме аркылуу өтүңүз.
- Сиз колдонгон сервистердин тизмеси ачылат. Такси дегенди тандаңыз.
- Сапарлар тарыхын басып, өчүрүүнү ырастаңыз.
Функция кантип иштейт?
- Иш-аракетти ырасташыңыз менен сапарлар тарыхы толугу менен өчүрүлөт. Аны калыбына келтирүү мүмкүн эмес.
- Сапарлар тарыхын каалашыңызча өчүрө аласыз. Бирок акыркы өчүрүүдөн кийин 24 саат ичинде 1 гана жолу өчүрүүгө болот.
- Сиз сапар акыларынын баарын төлөсөңүз жана азыркы учурда таксиде кетип бара жатпасаңыз, анда буйрутмалар жөнүндө маалыматты өчүрө аласыз.