Төлөө ыкмасын тандоо

Сапар акыларын накталай акча же банк картасы менен төлөсө болот.

Сапар акыларын карта менен төлөө үчүн аны колдонмого байлаңыз. 5ке чейинки карта кошсо болот. Опция сиз буйрутманы iOS (8.0 же андан жаңы версия) же Android (4.0 же андан жаңы версия) колдонмолору аркылуу берип жатканда жеткиликтүү болот.

Машинага буйрутма берип жатканда төлөө ыкмасын тандаңыз. Эгер сапар башталып кеткен болсо, сиз накталай акча менен төлөө ыкмасын карта менен төлөө ыкмасына өзгөртө аласыз, бирок тескерисинче кылуу мүмкүн эмес.

Эгер сиз карта менен төлөө ыкмасын тандаган болсоңуз, бирок ал бөгөттөлүп калса же анда акча каражаты жетишсиз болсо, төлөө ыкмасы автоматтык түрдө накталай акчага которулушу мүмкүн. Сиз жана айдоочу бул тууралуу колдонмого билдирүү аласыз.