Эки жолу төлөдүм

Эгер буйрутма берилип жатканда сапар акысын төлөө үчүн банк картасы тандалып, бул ыкма өзгөртүлбөсө, акча автоматтык түрдө эсебиңизден алынат жана айдоочуга накталай акча менен төлөөнүн кереги жок.

Эгер сиз жаңылыштык кетирип, сапар акысын банк картасы менен да, накталай акча менен да төлөп алсаңыз, айдоочу менен байланышууга аракет кылыңыз — ага телефон чалуунун баскычы буйрутмалар тарыхында бир сутка ичинде жеткиликтүү болот.

Айрым учурларда банк сизге эсептен акчанын алынганы тууралуу эки жолу билдириши мүмкүн, анткени акча алгач банк картасында тоңдурулуп, андан кийин гана эсептен алынат. Сиз эсебиңизден ашыкча акчанын алынып-алынбаганын банк берген эсеп боюнча көчүрмөдө текшере аласыз.

Өтүнүч, эгер сизде төлөмдөр боюнча дагы башка сурооңуз бар болсо – бизге жазыңыз, баарын териштиребиз.