Сапарга буйрутма берүү

  1. Машина келе турган даректи жазыңыз. Эгер керектүү дарек абалкы катары көрсөтүлсө, Кайда? баскычын басыңыз.

    Башка даректи тандаш үчүн Даректи өзгөртүү деген жерди басыңыз же картадагы чекитти жылдырыңыз.

  2. Бара турчу жерди көрсөтүңүз, ошондо сапардын акысы алдын ала эсептелинет.

    Сиз үчкө чейин кошумча дарек кошо аласыз ( белгисин басыңыз). Орто жолдо токтоо дареги бар машрутту буйрутма берүүдө гана өзгөртсө болот.

  3. Тарифти жана төлөө ыкмасын тандаңыз.

    Буйрутма берилгенден кийин нак акча менен төлөө ыкмасын карта менен төлөө ыкмасына алмаштырып коё аласыз. Эгер колдонмого бир нече банк картасы байланган болсо, алардын ичинен каалаганыңызды тандап алсаңыз болот. Ал үчүн экрандын ылдый жагындагы  → Сизге кандай төлөгөн ыңгайлуу? (Төлөө ыкмасы) деген жерди басыңыз.

  4. Сиз кошумча маалымат кошо аласыз.

Сапар аяктагандан кийин айдоочуга баа коюңуз. Айдоочунун андан ары сервисте буйрутма ала алышы рейтингге көз каранды болот.

Сапардан баш тартуу үчүн экрандын ылдый жагындагы  → Жокко чыгаруу баскычын басыңыз.

Ошондой эле, буйрутмадан баш тартуу үчүн сервистин өнөктөштөрүнө телефон чалса да болот. Телефон номери сапардын менюсунда бар ( → Сапардын чоо-жайы)

Автоунаа келгенден кийин буйрутмадан баш тартуу акылуу болооруна көңүл буруңуз.