Сервистин иштеши

Яндекс.Такси — операторго чалбастан эле, пайдалуу тарифтер боюнча машина чакырууга мүмкүндүк берген сервис. Буйрутманы сайттан жана iOS (анын ичинде Apple Watch), Android колдонмолору аркылуу берсе болот.

Сервистин артыкчылыктары:

  • Машина чакыруунун ыңгайлуу ыкмасы.
  • Жүргүнчүнүн каалоолорун эске алуу менен автоунааны тез арада издеп табуу.
  • Аралыкка көз каранды болбогон пайдалуу тарифтер.

  • Сапардын акысын алдын ала эсептөө.
  • Карта же нак акча менен төлөө.
  • Колдонмодо автоунаа жана айдоочу тууралуу кеңири маалымат бар.

Буйрутмаларды биздин өнөктөштөр аткарат. Айдоочулар үчүн атайын тестирлөө каралган, ал эми автоунаалар сапат стандарттарына ылайык келүү текшерүүсүнөн өтөт.

Сервистин иши менен кеңири таанышуу үчүн башка бөлүмдөргө да баш багып чыгыңыз.