Шаар боюнча (Москва) башталган баа: 169 ₽
— жүргүнчүнү ташуу учурунда Такси кызматы (Сервистин өнөктөшү) башка Колдонуучунун Сурамын аткаруу үчүн кабыл алууга укуктуу, буга байланыштуу төмөнкүлөргө жол берилиши мүмкүн: а) экинчи Сурамды аткаруу максатында жүргүнчүнү ташуу маршрутунун өзгөрүшү, б) алдын ала эсептелген жол убактысынын көбөйүшү;
— Жүргүнчү ташыганга Колдонуучу сурам жайгаштырган убакта эле башка Колдонуучуда жүргүнчү ташууга сурам жөнөтө алат. Демек, бир эле убакта эки Сурамды аткарууда транспорт каражатында экиден ашык Колдонуучу боло албайт;
— жүргүнчү ташуу маршруту Сервистин алгоритмдери боюнча аныкталган эң кыска маршрут менен белгиленет, мында эки Колдонуучунун тең Сурамдары эске алынат;
— Такси Кызматы (Сервистин өнөктөшү) Сурамды кабыл алгандан кийин ар бир колдонуучунун маршрутунун соңку пунктун өзгөртүү каралган эмес.
Такси кызматтарынын (Сервистин өнөктөштөрүнүн) тарифтери айырмаланышы мүмкүн. Кызматтардын кошумча коэффициенттери эске алынбастан максималдык баасы көрсөтүлгөн.
Сервисте көрсөтүлгөн сапардын болжолдуу наркы Такси Кызматтарынын (Сервистин өнөктөштөрүнүн) тарифтерине жана/же «Кымгуут сааттар» жана/же «Биргелешкен сапарлардын тыгыздыгы» коэффициенттерининин колдонулушуна жараша, ошондой эле, Үстөктүн кошулушунда, сапар учурунда бара турчу жердин өзгөртүлүшүндө, жүргүнчүнүн талабы боюнча токтогондо жана Сервисти колдонуу шарттарында көрсөтүлгөн башка учурларда өзгөртүлүшү мүмкүн.
Автоунаанын келиши акылуу болушу мүмкүн. Унаанын акылуу келүүсүнүн баасы ташуу наркына кошулат жана төмөнкүлөргө жараша эсептелет:
(1) тийиштүү автоунаа менен Колдонуучу жайгашкан жердин ортосундагы аралык жана
(2) тийиштүү автоунаага бул аралыкты басып өтүү үчүн керектелген убакыт.
Колдонуучунун жайгашкан жерине жараша, буйрутманы жокко чыгаруу төмөнкү учурларда акылуу болушу мүмкүн:
(1) Колдонуучу Сурамды жокко чыгарганда же төмөндө баяндалгандай шартта Сурам жокко чыгарылган деп эсептелгенде:
(a) Колдонуучу Сурамды Сервис аркылуу машина келгенден кийин жокко чыгарса
(b) Колдонуучу унаа келгенден кийин 30 мүнөт ичинде (акысыз күтүү убактысын эске алуу менен) унаага чыкпай койсо.
Бул учурда буйрутманы акылуу жокко чыгаруунун өлчөмү төмөнкүдөй сумма катары эсептелет:
(a) тийиштүү тарифтин алкагындагы минималдык баа катары жана
(b)акысыз күтүүдөн ашкан, бирок 30 мүнөттөн ашпаган күтүүнүн ар бир мүнөтүнүн Колдонуучу тандаган тариф боюнча баасы катары.
Аэропортко Сурамды жокко чыгарууда, шаар ичиндеги тариф колдонулат, бирок машинаны чакыруу үчүн төлөм тариф боюнча шаар сыртына чыккандай эсептелет.
(2)буйрутма кабыл алынып, өнөктөш тарабынан аткаруу башталгандан 3 (үч) мүнөт өткөндөн кийин Сервистин функционалдуулугу аркылуу Сурамды жокко чыгаруу. Колдонуучу төлөөгө милдеттүү болгон максималдуу сумма ар бир Сурамга өзүнчө эсептелет, Колдонуучуга Сервис интерфейси аркылуу маалымдалат жана Колдонуу шарттарында көрсөтүлгөн мааниден ашпайт.
Тариф 09.12.2025чейин жарактуу.