Акциянын эрежелери: Промокоддорду колдонуу шарттары

  1. Терминдер
    • Промокод — символдордун белгилүү тартиби, аны активдештирүү шартында жана Промокодду колдонуу боюнча башка шарттардын сакталышында Колдонуучуга Арзандатуу берилет.
    • Арзандатуу — Яндекс Go мобилдик колдонмосу аркылуу Колдонуучуга транспорттук кызматтарга (мындан ары – буйрутма) ыктымалдуу суроо-талап жөнүндө маалыматты жайгаштырууда Колдонуучуга Яндекс Go мобилдик колдонмосунда көрсөтүлгөн транспорттук кызматтардын акысына берилген арзандатуу.
    • Купон — Промокодду жана/же Арзандатууну берүү шарттарын камтыган документ (анын ичинде кагаз түрүндөгү карточка же басмаканадан басылып чыккан башка таратылуучу материал; плакат же башка жалпыга ачык басылма; каалагандай, анын ичинде электрондук формада келген башка промо-материал/билдирүү).
  2. Промокод Купондо көрсөтүлүшү аркылуу Колдонуучуга билдирилиши мүмкүн.
  3. Промокод Купондо көрсөтүлгөн өлчөмдө Арзандатуу алуу укугун берет, мында Купондо жана ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн Промокодду колдонуу шарттарынын сакталышы сөзсүз талап кылынат. Мындай шарттарга төмөндөгү бир же бир нече шарт кириши мүмкүн:
    • Арзандатуу алгачкы сапарда, башкача айтканда ушул Шарттардын 8-пунктундагы жоболорду эске алганда, Яндекс Go (Яндекс Такси) сервисин колдонуу аркылуу берилген биринчи буйрутмада гана берилет, мында Колдонуучунун тийиштүү телефон номери жана/же Колдонуучунун Байланган банк картасы жана/же Колдонуучунун мобилдик түзмөгү колдонулат;
    • Арзандатуу алгачкы бир нече сапарда (мисалы, «алгачкы үч сапарда») берилет. Мындай учурда Арзандатуу ушул Шарттардын 3.1.-пунктунда белгиленгендей биринчи сапарда, ошондой эле, биринчи сапарды Промокодду колдонуу аркылуу аткарганда тийиштүү сандагы кийинки сапарларды аткарууда берилет;
    • Арзандатуу нак эмес төлөм аткарылганда, башкача айтканда, транспортук кызматтардын акысы Байланган банк картасы (акцияда катыша алган картанын эмитенти боюнча чектөөнү да эске алганда) аркылуу Яндекс Go мобилдик колдонмосу аркылуу нак эмес тартипте төлөнгөндө гана берилет;
    • Буйрутманы Яндекс Go мобилдик колдонмосу (анын ичинде белгилүү тарифтер) аркылуу берип, белгилүү параметрлерди тандоо шарты менен гана Арзандатуу берилет;
    • Арзандатуу Яндекс Go мобилдик колдонмосун пайдаланууга байланыштуу сапарларды белгилүү аймактын чегинде (анын ичинде шаарлар, маршруттун баштапкы жана/же соңку пунктулары боюнча чектөөлөрдү эске алганда) жана белгилүү мөөнөттүн чегинде аткарганда гана берилет. Көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин Промокод жараксыз болот.

    Нак эмес төлөмдөрдү алуу максатында физикалык алып жүрүүчүдөгү банк карталары гана кабыл алынат; алдын ала төлөнгөн виртуалдык банк карталары жана электрондук түрдөгү башка карталар, башка электрондук төлөм каражаттары кабыл алынбайт. Башка чектөөлөр белгилүү бир өлкө үчүн Сервисти колдонуу Шарттарында коюлган болушу мүмкүн, алар м-н интернеттеги шилтеме аркылуу өтүп таанышса болот: https://yandex.com/legal/yandexgo_termsofuse.

    Эгерде мындай аймак жана/же мөөнөт Купондо жана/же Сайтта көрсөтүлбөсө, аймак Купондорду/Промокоддорду жайылтуу уюштурулган шаар жана облустун чеги менен чектелет; мөөнөтү тийиштүү Купон/Промокод жалпыга таанымал болушу үчүн ачык болгон чектелген убакыт тилкеси менен эсептелет.

  4. Эгер Промокоддо башка бир жагдай көрсөтүлбөсө, Промокод жайылтылган өлкөдө Яндекс Go (Яндекс Такси) сервиси иштеген шаарларда Промокод иштейт.
  5. Промокод активдештирилип жатканда Промокоддо/Купондо же Яндекс Go мобилдик колдонмосунда башка жагдай көрсөтүлбөсө, Арзандатуунун өлчөмү колдонулуп жаткан салыктар эске алынып көрсөтүлөт.
  6. Эгер Купондо же Яндекс Go мобилдик колдонмосунда башка жагдай көрсөтүлбөсө, Промокод бир Колдонуучу тарабынан бир жолу гана колдонула алат.
  7. Сапар акысы менен Арзандатуу суммасынын ортосундагы айырма, ошондой эле Арзандатуу суммасынын өзү акча түрүндө төлөнүп берилбейт.
  8. Арзандатуу сервистин жеткиликтүүлүгүнө ээ болгон жана колдонуучулар берген буйрутмаларды алган Яндекс Go маалыматтык сервисинин өнөктөштөрү тарабынан гана берилет.
  9. Промокоддорду колдонууда кыянаттыктарга жана/же Промокоддорду кара ниет максатта колдонууга каршы аракет көрсөтүү максатында Яндекс ушул Шарттарда түз көрсөтүлбөгөн башка текшерүү ыкмаларын колдонуу укугуна ээ, ага төмөнкүлөр кирет жана алар менен чектелип калбайт: Колдонуучу Яндекс Go сервисин колдонууда чындыгында эле алгачкы өтүнмөсүн (биринчи сапарды) берип жатканын текшерүү, ошондой эле, Промокодду тийиштүү кыянаттык жана/же кара ниет м-н пайдалануу фактысы аныкталганда Арзандатууну бербей коюу.
  10. Колдонуучу Яндекс Go мобилдик колдонмосун жаңы версиясына чейин жаңыртпаса, техникалык же башка себептерге байланыштуу Промокодду колдонуу мүмкүн эмес болуп калышы ыктымал. Техникалык себептерге байланыштуу, колдонуу шарты буйрутма акысын нак эмес ыкма м-н төлөө болгон Промокод боюнча Арзандатуу, төлөө ыкмасы нак акчага өзгөртүлгөндө жана/же төлөө ыкмасы кайра нак эмес акча м-н төлөөгө өзгөртүлгөндө жеткиликсиз болуп калышы ыктымал.
  11. Промокодду активдештирүү Колдонуучу ушул шарттарга толугу менен макул болгондугун билдирет.
  12. Промокоддордун активдештирүүсү жана/же колдонулушу боюнча кайрылууларды карап жатканда Яндекс Go колдоо кызматы Колдонуучудан Промокодду алгандыгынын төмөндөгүдөй ырастоосун суроого укуктуу, ал эми Колдонуучу аны берүүгө милдеттүү: Промокоду болгон карточканын фотосүрөтү, Промокод болгон баракчанын скриншоту жана/же колдоо кызматынын адиси тарабынан айтылган башка ырастоо. Мындай ырастоо берилбеген учурда Яндекс Таксиде Арзандатууну бербей коюу укугун сакталат.

Промокод кантип активдештирилет?

Промокод активациядан кийин гана колдонулушу мүмкүн. Промокодду активдештирилиши үчүн аны Яндекс Go мобилдик колдонмосунда буйрутманы берип жатканда атайын сапта жазыш керек.

Эгер сиз промокодду активдештире албай жатсаңыз, Яндекс Go мобилдик колдонмосунун функционалы аркылуу колдоо кызматына же support@taxi.yandex.com дарегине электрондук кат жазыңыз.